Талас облусундагы маданий мекемелердин ишмердүүлүгү текшерилди
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминовдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапардын жүрүшүндө ал Айтматов районундагы «Семетей» кинотеатрына, Сологой ырчы Сооронбек атындагы балдар музыкалык мектебине, ошондой эле Ашым Жакыпбеков атындагы райондук китепканага жана балдар китепканасына, “Айтматов Ааламы” мемориалдык тарыхый-маданий комплексине барды.
Орун басар мекемелердин учурдагы абалы, материалдык-техникалык базасы, кызматкерлердин иш шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан маданий кызматтар менен таанышты.
Ошондой эле мекемелердин жетекчилери менен пикир алышып, ишмердүүлүктү жакшыртуу, маданий кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык шарттарды чыңдоо маселелерине көңүл бурду.
