«Супара Чункурчак» этнокомплексинде ири өрт чыкты
видеодон алынган кадр
5 ноябрь

«Супара Чункурчак» этнокомплексинде ири өрт чыкты

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Супара Чункурчак» этнокомплексинде ири өрт чыкты.

Комплекстин кызматкерлеринин 24.kg агенттигине билдиришинче, өрт кечки саат 21:00 чамасында ресторандын имаратынан башталган.

Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармактарга тарады. Кадрларда комплекстин имараттарын жалын каптап, аймактан коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Ошол эле учурда мекеменин кызматкерлери журналисттерге өрт өчүрүүчүлөр комплекске жетүү үчүн бир топ убакыт коротконун билдиришкен. Алардын айтымында, саат 23:52 чамасында окуя болгон жерде бир өрт өчүрүүчү бөлүм болгон, дагы бири жолдо келе жаткан.

Өрттүн аянты, келип чыгуу себептери жана жабыркагандар бар-жогу такталууда.

Видеолор жарыялангандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары быйыл Бишкектеги «Мадина» жана «Джунхай» базарларында болгон ири өрттөрдү да эскеришти.