Бишкекте сүрөтчү Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракеси белгиленди
Маданият министрлиги
5 ноябрь

Бишкекте сүрөтчү Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракеси белгиленди

2026-жылдын 4-ноябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, профессор, академик Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мааракелик салтанатка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, мамлекеттик кызматкерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Арслан Койчиев залкар скульптор Тургунбай Садыковдун улуттук искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармачылык жолу жана эмгектери кыргыз элинин руханий-маданий байлыгынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ошондой эле маараке ээсине чың ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында залкар скульптордун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Салтанаттын көркүн концерттик программа толуктап, өнөр адамдарынын аткаруусунда музыкалык чыгармалар тартууланды.