Бишкектиктер көчөлөрдүн аталышы өзгөргөндөн кийинки жаңы дарегин онлайн биле алышат
Бишкектиктер көчөлөрдүн аталышы өзгөргөндөн кийинки жаңы дарегин онлайн биле алышат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Муниципалдык «Санариптик технологиялар борбору» ишканасы e-meria.kg порталында «Даректи текшерүү» аттуу атайын бөлүмдү иштеп чыкты.
Жаңы даректи билүү үчүн мурдагы көчөнүн аталышын жана үйдүн номерин киргизүү жетиштүү. Андан соң система кыймылсыз мүлк объектисинин жаңыланган дарегин көрсөтөт.
Дарек номерлери Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек, Сокулук жана Аламүдүн филиалдары тарабынан ыйгарылган. Алар берген маалыматтардын негизинде маалымат электрондук сервистке киргизилген.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы функция тургундарга мамлекеттик органдарга кайрылбастан жана маалыматты кол менен издебестен, керектүү даректи онлайн алууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү боюнча токтом шаардык кеңеш тарабынан 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган.
