Чет өлкөгө жумушка орноштурган жеке агенттиктер кызматкерлерден акы албашы керек – борбор
Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган жеке агенттиктер өз кызматтары үчүн жарандардан акы албашы керек. Бул тууралуу чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул талап Эл аралык эмгек уюмунун №181 конвенциясына, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө жобого байланыштуу.
Кудайбердиев белгилегендей, Кыргызстанда бул багытта иштөөгө уруксат алган 200дөй жеке агенттик бар.
Учурда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн талапкерлерден акы албай, кызмат көрсөтүүсү үчүн чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөрдөн төлөм алган компаниялар да пайда болууда.
Борбордун директору жарандарды жеке агенттиктерге кайрылуудан мурда алардын иштөөгө уруксаты бар-жогун жана компания тууралуу маалыматты Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун расмий булактарынан текшерүүгө чакырды.
