Жазгүл Салидинова, Улуттук филармониянын солисти, ырчы, алып баруучу: «Ыр менен да, сөз менен да элдин жүрөгүнө жетким келет»
Улуттук филармониянын жаш таланттарынын бири Жазгүл Салидинова ырчылык менен алып баруучулукту айкалыштырып, чыгармачылык жолунда изденип келет. Ал сахнада обон созуп гана тим болбостон, көрүүчүлөр менен тил табышып, иш-чаралардын көркүн ачууга да өзгөчө көңүл бурат. Жаш талант үчүн сахна – өз өнөрүн көрсөтүүчү жай гана эмес, эл менен жакындан байланыш түзүп, алардын маанайын бөлүшө турган өзгөчө мейкиндик. Жазгүл менен эки өнөрдүн өзгөчөлүгү, алып баруучулуктагы кызыктуу учурлары, ыр тандоодогу табити жана келечектеги чыгармачылык максаттары тууралуу баарлаштык.
– Сахнада алып баруучу болуу менен ырчы болуунун айырмасы чоң. Алып баруучу катары көрүүчүнүн маанайын жаратып, элди өзүңүзгө тарта билишиңиз керек. Бул өнөргө кантип келип калдыңыз? Эл алдына чыкканда толкунданууну кантип жеңесиз?
– Экөөнүн айырмасы чоң, бирок жоопкерчилиги бирдей деп айтмакмын. Алып баруучу болгондо эл менен түз байланыш түзүп, алардын маанайын көтөрүп, иш-чаранын жүрүшүн алып кетишиң керек. Ырчы болгондо болсо үнүң, аткарууң менен угармандын жүрөгүнө жетүүгө аракет кыласың.
Бул өнөргө келүүмө «Колумдан келип жатса, эмнеге болбосун?» деген ой түрткү болду. Филармониянын да бул багытта салымы чоң. Мага дайыма сахнага чыгып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп келет.
Ал эми толкунданууну толук жеңүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Бул сахнага чыккан сайын боло турган көрүнүш. Тескерисинче, толкунданып, жоопкерчиликти сезип турганым туура деп эсептейм. Анткени ар бир чыгууңда элдин алдында экениңди, сенден бир нерсе күтүп турганын унутпашың керек.
– Алып баруучунун чеберчилиги күтүлбөгөн учурда билинет дешет. Сценарийден тышкары жагдайлар болуп, сөз таппай калган учурларыңыз болдубу? Сахнадагы эсте калган окуялардан бөлүшө аласызбы?
– Сахнага чыккан сайын ар кандай кызыктуу окуялар болуп турат. Кээде түрк тилинде да иш-чараларды алып барып калам. Ошондой иш-чаралардын биринде сценарийде каралбаган жагдай болуп, түркчө сүйлөп баратып, байкабай эле кыргызчага өтүп кеткеним бар (күлүп). Өзүм да кандайча кыргызча сүйлөп кеткенимди аңдабай калгам. Мындай учурлар алып баруучудан ыкчамдыкты, кырдаалга жараша багыт ала билүүнү талап кылат. Сахнада алдын ала даярданганың менен, ар бир жагдайды сценарийге батыра албайсың.
– Ырчылык – чыгармачылыгыңыздын дагы бир чоң багыты. Алып баруучулук менен ырчылыктын кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын? Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасыз жана угармандарга кандай маанай тартуулагыңыз келет?
– Экөөнүн бирин бөлүп карай албайм. Экөө тең мага жакын. Эки багытта тең чеберчилигимди өстүрүп, экөөнү тең бирдей алып кетким келет. Ыр тандоодо мен үчүн эң маанилүүсү – сөзү. Ырдын текстине, анда айтылган ойго өзгөчө маани берем. Анткени жакшы ыр обону менен гана эмес, мааниси менен да угармандын жүрөгүнө жетет деп ойлойм.
– Сиз бир эле учурда бир нече чыгармачылык багытта изденип жатасыз. Келечекте өзүңүздү кайсы деңгээлде көргүңүз келет? Жеке концерт берүү, чоң сахналарда ырдоо же белгилүү алып баруучу болуу – кайсы кыялыңызды биринчи ишке ашыргыңыз келет?
– Мен үчүн эң башкысы – Мекениме татыктуу кызмат кылуу. Маданиятыбызга өз салымымды кошуп, элдин жүрөгүнө жеткен чыгармаларды аткарсам дейм. Кайсы сахнада болбоюн, аткарган эмгегим элге сиңип, угармандарга жетсе деген тилегим бар. Албетте, жеке концерт берүү, чоң сахналарда ырдоо сыяктуу кыялдарым да бар. Бирок мен үчүн атактуулукка жетүүдөн мурда өз ишимди мыкты өздөштүрүп, элдин ишенимине ээ болуу маанилүү.
