Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк баштапкы медициналык-санитардык жардамды кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту
Бүгүн, 2026-жылдын 5-ноябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу операциясын экинчи кошумча каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана каражаттарды бөлүп берүүнүн шарттарын талкуулап, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюшту.
Сунушталып жаткан каржылоонун жалпы көлөмү 15 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 10 млн АКШ доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) насыясы, ал эми 5 млн АКШ доллары Көп тараптуу донордук трасттык фонддун (MDTF) гранты болуп саналат.
Бөлүнгөн каражаттар Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын мындан ары жогорулатууга багытталат.
Кыргыз Республикасынын делегациясын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жетектеди. Сүйлөшүүлөргө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.
