Бишкекте жолдо агрессивдүү мамиле жасаган айдоочу жоопкерчиликке тартылды
видеодон алынган кадр
6 ноябрь

Бишкекте жолдо агрессивдүү мамиле жасаган айдоочу жоопкерчиликке тартылды

Бишкекте Фучик көчөсүндө башка айдоочу менен чырдашып, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн адамдын өздүгү аныкталды. Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, айдоочулардын ортосундагы чыр 2026-жылдын 4-ноябрында болгон. Чыр учурунда алардын бири экинчи айдоочуга карата агрессивдүү мамиле жасап, коомдук тартипти бузган.

Видео интернетке тарагандан кийин Биринчи Май РИИБи окуяны каттоого алып, текшерүү иштерин баштаган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чырдын катышуучусун аныкташкан. Ал 1988-жылы туулган Р. Н. аттуу жаран болуп чыккан.

Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Тиешелүү материалдар толтурулгандан кийин жаран чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жеткирилген.