Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүдө
КР СӨП
6 ноябрь

Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Кытайдын «Сайди» жаңы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү борборунун, Гуанчжоу шаарынын Байюнь райондук администрациясынын, ошондой эле кытайлык ишканалардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, инвестиция тартуу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жана кыргыз-кытай ишкердик өнөктөштүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.