Бишкекте тез жардам унаасы жана беш жеңил унаа катышкан жол кырсыгы катталды
видеодон алынган кадр
6 ноябрь

Бишкекте тез жардам унаасы жана беш жеңил унаа катышкан жол кырсыгы катталды

5-ноябрда Бишкек шаарында тез жардам кызматынын унаасы жана беш жеңил унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы болду.

Жол кырсыгы Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кагылышууга жалпысынан алты унаа — тез жардам кызматынын бир унаасы жана беш жеңил автоунаа катышкан.

Жабыркагандар жана кырсыктын жагдайлары тууралуу маалымат такталууда.