Асылбек Женишбек Кара-Балтанын мэри болуп дайындалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 ноябрь

Асылбек Женишбек Кара-Балтанын мэри болуп дайындалды

Асылбек Женишбек Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун Turmush басылмасы жазды.

Жаңы мэрди муниципалитеттин жамаатына жана шаардын активине тааныштыруу 6-ноябрга белгиленген.

Асылбек Женишбек 2025-жылдын 14-августунан бери Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматын аркалап келген.

Ал 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясынын бүтүрүүчүсү.

Ар кайсы жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетте, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлигинде, Энергетика министрлигинде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, ошондой эле Кыргыз геология кызматында иштеген.