Жалал-Абад облусунда 18 социалдык, турак жай жана өндүрүштүк объектилер пайдаланууга берилди
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
6 ноябрь

Жалал-Абад облусунда 18 социалдык, турак жай жана өндүрүштүк объектилер пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунда 5-ноябрда жалпы 9 социалдык, үч турак жай жана эки өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Объектилердин ачылышы Манас шаарындагы “Асман Резиденс 7” ипотекалык турак жай комплексинин тапшыруу аземинин алкагында онлайн форматта өткөрүлдү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана облус башчысы Тилек Текебаев катышты.

Базар-Коргон районунда:

  • Жаңы-Акман айылындагы кыш өндүрүүчү завод;
  • Катар-Жаңгак айылындагы Ж. Канашев атындагы №32 мектептин 275 орундуу имараты.

Ноокен районунда:

  • Кичи Бүргөндү айылындагы Б. Акамбаев атындагы мектептин кошумча корпусу;
  • Кара-Булак айылындагы Т. Келгенбай уулу атындагы №37 мектептин спорт залы;
  • Курулуш айылындагы Ж. Турусбеков атындагы №16 мектептин кошумча корпусу;
  • Масы айылындагы Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музей.

Сузак районунда:

  • Барпы айыл аймагындагы Таштак айылында жайгашкан 312 батирлүү “Асман Резиденс 14” турак жай комплекси;
  • Орто-Азия айылындагы күрөш спорт залы;
  • Таштак айылындагы О. Муратов атындагы мектептин спорт залы.

Манас шаарында:

  • З. Бакиров атындагы №27 мектептин 500 орундуу жаңы имараты;
  • Г. Бакиева атындагы №24 жалпы билим берүү мектебинин 275 орундуу имараты;
  • Чолок-Терек айылындагы 375 орундуу №29 мектептин имараты;
  • Р. Азимов атындагы №13 орто мектептин 500 орундуу кошумча имараты;
  • Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт;
  • Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 600 батирлүү “Асман 8” турак жай комплекси;
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча 3 корпусу;
  • Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 1065 батирлүү “Асман 7” турак жай комплекси.