«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» 72,2 млн сомго 150 электр унаасын кубаттоочу станция сатып алат
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» 72,2 млн сомго 150 электр унаасын кубаттоочу станция сатып алат. Бул тууралуу ишкананын сатып алуу документтеринде айтылат.
Маалыматка ылайык, сатып алуунун жалпы суммасы 72 млн 187,5 миң сомду түзөт. Демек, бир комплекттин болжолдуу баасы 481,3 миң сомго бааланган.
Заказчы кубаттуулугу кеминде 120 кВт болгон туруктуу ток менен иштеген стационардык кубаттоочу станцияларды сатып алууну көздөөдө. Ар бир станцияда кеминде эки GB/T DC туташтыргычы болушу жана эки электр унаасын бир убакта кубаттоого мүмкүнчүлүк бериши керек. Мында кубаттуулук автоматтык түрдө бөлүштүрүлүшү зарыл.
Станциялардын иштөө чыңалуусу 150дөн 1000 вольтко чейин болушу, ал эми кубаттоочу кабелдеринин узундугу кеминде төрт метрди түзүшү керек.
Ошондой эле жабдуулар кеминде жети дюймдук дисплей менен камсыздалып, анда станциянын абалы, кубаттоо процесси, берилген электр энергиясынын көлөмү жана каталар тууралуу билдирүүлөр көрсөтүлүшү зарыл.
Интерфейси орус жана англис тилдеринде болушу, авариялык токтотуу функциясы, Ethernet жана мобилдик тармак аркылуу туташуу, ошондой эле аралыктан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, станциялар НЭСКтин маалыматтык системалары менен интеграцияланып, кубаттоо сессиялары, туташтыргычтардын абалы жана техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу маалыматтарды өткөрүп бериши керек. Кубаттоону аралыктан баштоо жана токтотуу функциялары да каралган.
Жабдуулар ачык абада минус 40тан плюс 50 градуска чейинки температурада иштөөгө ылайыкталышы керек. Корпустун коргоо деңгээли IP55тен төмөн болбошу зарыл.
Сатып алынуучу жабдуунун өндүрүүчүсү жана конкреттүү модели алдын ала белгиленген эмес. Конкурстун катышуучулары өздөрү сунуштаган жабдуулардын техникалык талаптарга жооп берерин тастыкташы керек.
