Бишкек мэриясы жана курулуш компаниялары архитектура жана шаар куруу тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты
2026-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин төрагалыгы алдында «Тунгуч» залында «Бишкек шаарындагы архитектура жана шаар куруу тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча диалог» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев, Кыргызстан Куруучулар союзунун, ЖИА бизнес-ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Курулуш комитетинин өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушууну ачып жатып, мэрдин биринчи орун басары курулуш тармагы борбор калаанын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилеп, шаардын өнүгүүсү Башкы планга ылайык жүргүзүлүшү зарылдыгына токтолду.
Анын айтымында, муниципалитет менен курулуш бизнесинин өкүлдөрүнүн кызматташтыгы өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга, шаар куруу процесстерин өркүндөтүүгө жана Бишкек шаарынын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталышы керек.
Ачык диалогдун жүрүшүндө катышуучулар курулуш тармагындагы бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Тактап айтканда, буга чейин курулуш компанияларына ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу укугун берүү, ошондой эле муниципалдык жер тилкелери үчүн ижара акысын аныктоонун тартиби каралды.
Мындан тышкары, аба ырайы ысык мезгилде жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөөлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар чектөө киргизилүүчү температуралык көрсөткүчтү +28 градустан +35 градуска чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты.
Ошондой эле курулуш компанияларына жүктөлгөн имараттарга жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү иштеринин чектерин жана көлөмүн аныктоо, бул иштерди аткарууда бирдиктүү талаптарды белгилөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Шаардын шаар куруу багытындагы өнүгүүсүнө байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жана Башкы планга ылайык курулушка каралган айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо механизмдери, анын ичинде тиешелүү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгү да каралды.
Жер тилкелерин сатып алуу укугун берүү маселеси боюнча мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев муниципалитеттин позициясын билдирип, мэрия жер тилкелерин сатууну пландабаганын баса белгиледи. Ал эми тегерек столдун жүрүшүндө көтөрүлгөн башка маселелер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында кошумча иштеп чыгууну жана чечүү жолдорун аныктоону талап кылган көйгөйлүү маселелердин тизмеси түзүлдү.
