Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
4 ноябрь

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Москва шаарында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири Кыргыз Республикасынын ишканаларынын продукциясын Россия Федерациясынын рыногуна экспорттоого уруксат берүү үчүн сертификациялоо иштерин кайра жандандыруу болду. Тараптар бул багыттагы мындан аркы кадамдарды, ошондой эле кыргызстандык продукциянын Россия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган компетенттүү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ветеринардык көзөмөл, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу үчүн Россияда өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди жана иммунобиологиялык препараттарды жеткирүү, ошондой эле аларды колдонуу боюнча илимий жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бул кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын аймактарында ветеринардык коопсуздукту камсыз кылууга жана эпизоотиялык абалдын туруктуулугун сактоого багытталган.