Адылбек Касымалиев «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
4 ноябрь

Адылбек Касымалиев «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулуш долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасына курулуш иштеринин учурдагы абалы, инфраструктуранын өнүгүүсү жана долбоордо каралган объекттердин ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.

Атап айтканда, долбоор боюнча заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин, ишмердүүлүк жана туристтик инфраструктура объекттерин этап-этабы менен куруу каралган. Ошондой эле резиденттер үчүн жашоо объекттерин куруу жана курорттук-рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, «Тамчы» АФИА Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, эл аралык капиталды тартуу, финансылык кызматтарды, финтех- жана IT-индустрияны, логистиканы жана туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Долбоор өзгөчө укуктук, салыктык жана валюталык режими бар заманбап ишмердүүлүк чөйрөсүн түзүүнү, ошондой эле англис укугунун принциптеринде талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборду түзүүнү карайт.

Таанышуунун жыйынтыгы боюнча жооптуу жетекчилерге долбоорду мындан ары ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.