Кыргызстандык студенттер Москвадагы театр фестивалында «Мыкты актёрдук ансамбль» наамын жеңди
Маданият министрлиги
4 ноябрь

Кыргызстандык студенттер Москвадагы театр фестивалында «Мыкты актёрдук ансамбль» наамын жеңди

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Б. Ибраев атындагы Театралдык окуу жайдын 3-курсунун студенттери Москва шаарында өткөн IV «Точка А» эл аралык студенттик спектаклдер фестивалында «Эң мыкты актёрдук ансамбль» номинациясынын жеңүүчүсү болушту.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, 2026-жылдын 27-октябрынан 2-ноябрына чейин өткөн фестивалга Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн театр окуу жайларынын студенттери катышты.

Кыргызстандык студенттер грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин «Мен күндү көрүп турам» чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклди тартуулашты. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар, адамгерчилик, сүйүү жана үмүт темалары чагылдырылган. Студенттердин сахналык аткаруусу калыстар тобунун жогорку баасына татыды.

Фестивалдын калыстар тобунун курамында Россиянын театр жана маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү, анын ичинде В. Маяковский атындагы Москва академиялык театрынын көркөм жетекчиси Егор Перегудов, Таганка театрынын директору Ирина Апексимова жана театр, искусство ишмерлери болушту.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн кесиптик мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулду.

Белгилей кетсек, «Точка А» эл аралык фестивалы жаш театр адистерин колдоого, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган.