Картошканы Өзбекстанга экспорттоодо КНС кайра алынышы мүмкүн
Талас облусундагы дыйкандардын биримдигинин төрагасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Өзбекстанга картошка, төө буурчак экспорттоо быйыл татаалдашканын билдирди.
Айтымында, 2022-жылы Садыр Жапаров Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен биргеликте картошка, төө буурчакты Ташкентке жеткирүү маселесин чечип берген.
“7 облуска жети чекит белгилеп бердиңиз эле. Аны менен биз продукциябызды Ташкентке экспорт кылууну баштаганбыз. Бирок анда КНС алынган болчу. Быйыл кайра киргизип коюшту. КНС жок кезде картошканы кымбат киргизип атканбыз, ал коюлгандан кийин арзандап кетти”, - деди ал.
Айыл чарба министри КНСти алуу бир жолку чечим болгонун билдирди.
“Картошкага КНС киргизсеңер укмуш акча түшөбү? Кыйраткан деле акча түшпөйт да. Кеңешип, аны экспорттон алып койгула”, - деди президент.
