Шылуундукка кабылган адамдар абакта, а алдамчы акча талап кылууда: жаран президентке кайрылды
Президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү турган эки иниси алдамчынын айынан абакта жатканын билдирди.
Тургун белгилегендей, анын эки иниси Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын Эсен аттуу тургуну менен чогуу бизнес кылуу максатында, ага 3 миллион 250 миң сом беришкен. Бирок акчаларын ала албай калышкан.
“Инилерим алданганын сезишери менен Ала-Бука районунун ИИБине, Бишкектеги Ленин райондук сотуна арыз жазышкан. Бирок эч бири каралган эмес. Анан 2026-жылдын апрель айында Эсенди инилерим сабап салышкан. Ал арыз жазганда дароо каралып, инилерим камакка алынды. Эми Эсен бизден компенсация катары 16 миң доллар талап кылууда”, - деди.
Президент тийиштүү кызмат жетекчилерине кайрылып, бул ишти калыс кароону тапшырды.
“Калыс карап койгула. Эч нерсе болбой туруп эле 16 миң талап кылганы туура эмес”, - деди.
