президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
4 ноябрь
Ош облусу менен АКШнын Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү маселеси талкууланды
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтт Хабиновски менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү, аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча пикир алышты.
Ошондой эле Ош облусу менен АКШнын Монтана штатынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү демилгеси талкууланып, бул багытта буга чейин жөнөтүлгөн расмий каттын көчүрмөсү америкалык тарапка тапшырылды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
