ЖК депутатынын балдызы 42 үй-бүлөнү алдаган: президент алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону тапшырды
Президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушуусунда, бир жыл мурда миграциядан келген Нурсултан аттуу жаран өз маселесин айтты.
Ал белгилегендей, Россияда 10 жылдай иштегенден кийин 2025-жылы келинчеги экөө Кыргызстанга кайтып келишкен. Алар менен кошо дагы 41 үй-бүлө кайткан. Алардын топтогон акчасын – 3 миллион 264 миң доллар жана 540 миң долларга бааланган үйдү Базарбаева Элнура жана Сагынбаев Амантур аттуу жарандар бизнеске салууга макулдатышкан.
Жарандын айтымында, Базарбаева Элнура Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууган балдызы.
“Ал бизге Ирандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Кытайга тоок буттарын ташып иштейбиз деп айткан. Квотаны жездем депутат, ал бүтүрөт, салык төлөнөт дегенинен ишенип, акча бердик эле. Бирок акчабызды кайтарбай жатат. 8-октябрда Башкы тергөө башкармалыгына арыз жазсак, Башкы прокуратура ишти алардан алып, Бишкек ШИИБине берип салды. Ал жактан мени чакырып, камалып кетесиң деп коркутушту”, - деди жаран.
Президент ички иштер министринин орун басарына кайрылып, бул боюнча алдамчылык беренеси менен иш козгоп, жарандардын акчасын кайтарып берүүнү тапшырды.
