Кыргызстанда биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды: жүрөк ритминин бузулушун дарылоодогу жаңы мүмкүнчүлүктөр
4 ноябрь

Кыргызстанда биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды: жүрөк ритминин бузулушун дарылоодогу жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бишкекте француз адистеринин катышуусунда эл аралык мастер-класс өтүп, анын алкагында кардиостимуляциянын алдыңкы технологиялары көрсөтүлүп, өлкөдө биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды.

Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда «Электродсуз кардиостимуляция технологиялары» аттуу эл аралык конференция жана мастер-класс өттү. Иш-чара жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап ыкмаларын өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында кыргызстандык жана чет өлкөлүк адистерди бириктирди.

Кыргыз Республикасында биринчи жолу жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап технологиясы болгон электродсуз кардиостимуляторду имплантациялоо жүргүзүлдү. Бул технология бейтаптарды дарылоодо, анын ичинде салттуу кардиостимуляция системаларын колдонуу кыйынчылык жараткан учурларда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Иш-чаранын маанилүү учурларынын бири — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасынын (HEGP–AP-HP) француз эксперти, профессору Элуа Марижон менен биргеликте кардиостимуляторду имплантациялоо процедурасына түздөн-түз катышуусу болду. Практикалык сессия Live Cases форматында өтүп, рентгеноперациялык бөлмөдөн түз эфирде көрсөтүүнү, төрт клиникалык учурду сунуштоону, кардиостимуляторду имплантациялоо процессин реалдуу убакыт режиминде көрсөтүүнү жана эксперттер менен интерактивдүү талкууну камтыды.

Конференцияга ошондой эле Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай, Abbott эл аралык компаниясынын өкүлдөрү, кардиология жана аритмология тармагындагы ата мекендик адистер катышты.

Иш-чаранын алкагында Abbott компаниясы чыгарган AVEIR™ VR жана AVEIR™ DR электродсуз кардиостимуляциянын заманбап системалары тааныштырылды. AVEIR™ VR — бир камералуу кардиостимулятор, ал эми AVEIR™ DR — эки камералуу электродсуз кардиостимуляция системасы.

Конференциянын ачылышында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кардиология кызматын өнүктүрүүнүн, жүрөк ритминин бузулушун дарылоо ыкмаларын өркүндөтүүнүн жана заманбап медициналык технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, иш-чаранын өзгөчө практикалык мааниси — кыргызстандык адистердин жаңы технологияларды түздөн-түз өздөштүрүүгө, клиникалык учурларды талдоого жана чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алгандыгында.

«Жаңы технологияларды киргизүүдө биз үчүн негизги критерий болуп алардын бейтаптар үчүн практикалык пайдасы, коопсуздугу, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөргө жана эл аралык клиникалык сунуштамаларга ылайык колдонулушу саналат», — деп баса белгиледи министр.

Конференциянын илимий-теориялык бөлүгү кардиостимуляциянын заманбап стратегияларына, эл аралык клиникалык сунуштамаларга, бейтаптарды тандоо критерийлерине жана аз инвазивдүү технологиялардын келечегине арналды. Өзүнчө баяндама кардионейроабляция темасына арналды.

Кыргызстан менен Франциянын кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү жыйынтыктардын бири — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен AP-HP бирикмесинин (Assistance Publique – Hôpitaux de Paris, Париждин Улуу аймагынын университеттик ооруканалары) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду.

Документ тараптардын ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына кардиология жана онкология тармактарындагы оорулардын алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференцияларды жана симпозиумдарды уюштуруу, медициналык адистердин квалификациясын мастер-класстар жана тараптардын клиникалык базаларында стажировкалар аркылуу жогорулатуу, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана өркүндөтүү кирет.

Меморандумга кол коюу Кыргызстан менен Франциянын медициналык мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды мындан ары чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ата мекендик медициналык кадрлардын компетенцияларын өнүктүрүүгө негиз түзөт.

Маалымат үчүн:

Салттуу системалардан айырмаланып, электродсуз кардиостимулятор — кан тамыр аркылуу түздөн-түз жүрөккө имплантациялануучу чакан түзмөк. Бул технологияда кан тамырлардын ичине электроддорду орнотуу жана түзмөктү жайгаштыруу үчүн теринин астынан атайын орун даярдоо талап кылынбайт.

Электроддордун жоктугу аларга байланыштуу татаалдашуулардын, атап айтканда, электроддун жабыркашы же сынып кетүү коркунучунун алдын алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, түзмөктү жайгаштыруу үчүн теринин астынан атайын орун түзүүнүн зарылдыгы болбогондуктан, аны орнотууга жана ошол аймакта имплантацияланган түзмөктүн болушуна байланыштуу инфекциялык жана жарааттык татаалдашуулардын тобокелдиги төмөндөйт.

Дагы бир маанилүү артыкчылыгы — веналык жеткиликтүүлүгү кыйын же чектелүү болгон бейтаптарга, анын ичинде айрым веналары бүтөлүп калган учурларда колдонуу мүмкүнчүлүгү. Мындай бейтаптарга салттуу кардиостимуляция системасын имплантациялоо кыйынчылык жаратышы мүмкүн.