Президент: Чын жүрөктөн айтайын, мамлекеттин күчү жетсе пенсияны 80 миң сом кылгым бар
Президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушуусунда, жергиликтүү тургун пенсия маселесин көтөрдү.
Ал учурда минимум пенсия 8 800 сом болгонун белгилеп, бирок бул сумма пенсионерлердин дарысынан ашпай жатканын билдирди.
Тургун пенсияны соттордун эсебинен дагы көбөйтүүнү сунуштады – соттордун айлыгын азайтып, пенсияны 15 миңге жеткирүү керек дейт.
“Мамлекеттин күчү жетсе, пенсияны 80 миң сом кылгым бар. Төбөмдө Кудай турат, чын жүрөгүмдөн айтып жатам”, - деди анда президент.
“Өлкөдө 900 миң пенсионер бар, а иштеген жарандар – айыл өкмөттөн баштап президентке чейин – болгону 300 миң. Ошондо бир кызматкер 3 пенсионерди багып жатат”, – деди мамлекет башчы.
Ал мындан 5 жыл мурда эле 700 сомдук пенсиялар да бар болгонун эске салды.
“Эгерде башынан эле бийлик уурдабай, тонобой иштеп, экономиканы көтөрсө, балким, азыр 80 миңден пенсия алып калмаксыңар. Анан дароо соттор дейсиңер. Республика боюнча 450 сот бар, а пенсионерлер 900 миң. Соттордун айлыгын эмнеге көтөрдүк. Элдин 5-10 миң сомуна кызыкпасын деп”, – деди Садыр Жапаров.
Эл арасынан көп айлыгы бар соттор дагы деле акча алып жатканын айткандар болду.
“Алып жаткандар болсо, пендечилик кылат. Баары идеалдуу эмес, баары жипке тизгендей эмес. Алгандарды кетирип жатабыз, камап жатабыз. Сотко 8 миң айлык коюп кой, күнүнө 10 иш караса, онунан тең акча алат”, – деди.
