“Ташиев президент болгондо белекке бериле турган” эстеликтин акчасы дагы да төлөнө элек
Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда, жергиликтүү жаран Ташиевдин тууганынын заказы менен эстелик жасаганын, бирок акчасын ала албай калганын айтты.
“Көчөров Абдылдабек деген ишкер мага эстелик заказ кылган. Баасы 5,5 миллион сом болду. Бирок жасатып алгандан кийин акчаны берген жок. мен сотко кайрылдым, бирок жакшы каралган жок, үй камагына чыгарып салышты”, - деди ал.
ИИМдин маалыматына караганда, эстеликти Ташиевдин тууганы “аз күндө Ташиев президент болот, ага белек кылышым керек” деп жасаткан.
“Сизге Ташиевдин тууганы заказ кылды беле? Анда ошондон барып өзүңүз эле алып алыңыз да”, - деди президент күлүп.
Анан ИИМге табыштады: “Силер жардам берип алып берип койгула. Жасатып алгандан кийин төлөбөй кеткен туура эмес да. Эч нерсеси жок итке минген бирөө болсо бир жөн”, - деди Садыр Жапаров.
