Binance хакердик чабуулдан жабыркаган токендердин 98%ын калыбына келтирди
сүрөт: depositphotos.com
4 ноябрь

Binance хакердик чабуулдан жабыркаган токендердин 98%ын калыбына келтирди

Binance криптовалюталык платформасы 29-октябрда болгон коопсуздук инциденти боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрга карата чабуулдан жабыркаган токендердин 98%ы калыбына келтирилди. Ошондой эле компания келтирилген чыгымдарды толук жабуу үчүн зарыл болгон каражаттын 100%дан ашыгын резервге койгонун билдирди.

«Binance каражаттардын жоголушуна байланыштуу бардык финансылык жоопкерчиликти өзүнө алат. Бул колдонуучуларыбызга таасирин тийгизбейт», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниянын маалыматына караганда, калыбына келтирилген токендердин камсыздалышын Proof of Reserves системасы аркылуу текшерүүгө болот.

Инцидент аныкталгандан кийин компания чабуул учурунда пайдаланылган кирүү жолдорун жаап, жабыркаган системаларды кайра түзгөн же алмаштырган.

Мындан тышкары, Binance түзмөктөрдү көзөмөлдөө жана капчыктар менен иштөөдө тобокелдиктерди башкаруу чараларын күчөттү. Ошондой эле шектүү активдүүлүктү аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

Компания чабуулдун айрым техникалык жагдайларын ачыкка чыгарбай турганын белгиледи. Анткени мындай маалыматтар киберкылмышкерлер тарабынан жаңы чабуулдарды даярдоодо колдонулушу мүмкүн.

Кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн Binance киберкоопсуздук жаатындагы көз карандысыз компанияларды да тартууда.

Компания иликтөө уланып жатканын жана кошумча маалыматтар аныкталган сайын жарыяланып турарын билдирди.