Бишкекте United Dance Weekend эл аралык фестивалы өтөт
Бишкек шаарында 15-ноябрда заманбап бий искусствосун өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган United Dance Weekend эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Фестивалдын алкагында заманбап хореография боюнча чемпионат уюштурулуп, анда катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык иштерин тартуулап, бий чеберчилигин көрсөтүшөт.
Калыстар тобунун курамына эл аралык деңгээлдеги хореографтар жана бий индустриясынын өкүлдөрү — Австралиядан Caetlyn Watson жана Ирландиядан Kerrie Milne кирет.
United Dance Weekend ар кайсы өлкөлөрдүн бий өнөрүнүн өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашууга, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаш бийчилердин потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк түзөт.
