Садыр Жапаров: Балдарга айткыла, жеңил акчага алданышпасын
4 ноябрь

Садыр Жапаров: Балдарга айткыла, жеңил акчага алданышпасын

Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушууда, элди балдарга жеңил акчанын кесепети тууралуу айтып турууга чакырды.

Жергиликтүү тургун президентке кайрылып, Москвада баласы баңгизат менен кармалып, соттолуп кеткенин, кийинчерээк Кыргызстанга экстрадацияланганын айтты.

“1 жыл 8 айы калды. Ырайым бериңиз”, - деп суранды тургун.

Президент жеңил акчанын арты абак болуп калаарын эскертти.

“Жеңил акчага берилип, баңгизат менен иштегендер бар. Бала-чакага айткыла, жеңил акча баары бир кармалат, бүгүн болбосо, эртең, эртең болбосо, бүрсүгүнү кармалат. Баңгизат элди уулап жаткан нерсе. Биринчи жолу жасалган кылмышка, анан ири көлөмдө болбосо, макул деп ырайым берип жатабыз. Балдарга айткыла, мындай кылмышка алдырышпасын”, - деди президент.