Эмгек министри Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты
Эмгек министрлиги
4 ноябрь

Эмгек министри Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жана Бакай-Ата социалдык стационардык мекемесине барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр мекемелердин ишмердүүлүгү, социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттары, аларга көрсөтүлүп жаткан кам көрүү кызматтарынын уюштурулушу, ошондой эле социалдык жана тиричилик кызматтарынын сапаты менен таанышты.

Өзгөчө көңүл социалдык кызмат алуучулар үчүн татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого, күнүмдүк жашоосу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө бурулду.

Учурда аталган эки мекемеде 200дөн ашык адам социалдык кызматтарды алышат.

Социалдык тейлөө системасын өркүндөтүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана муктаж болгон жарандарга татыктуу кам көрүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Андан соң министрликтин аймактык башкармалыктарына барып, алардын ишмердүүлүгү, иштин уюштурулушу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.