Шыкмаматов ишкердин суранычын аткаруудан баш тартты: Минте берсек салыктан баарын эле бошотуп салганга туура келет
4 ноябрь

Шыкмаматов ишкердин суранычын аткаруудан баш тартты: Минте берсек салыктан баарын эле бошотуп салганга туура келет

2023-жылдан бери Таласка Казакстандан көмүр алып келип дүңүнөн саткан ишкер президент Садыр Жапаровго анын Айтматов жана Манас районунун тургундары менен жолугушуусунда кайрылды.

Айтымында, алар көмүрдүн тоннасын 6 сом 20 тыйындан баштап, 6 сом 80 тыйынга чейин сатып келишкен.  Бирок 2024-жылдын биринчи жарымында УКМК менен Салык кызматы текшерип, Талас шаарынын наркы менен – 9 300 сомдон эсептешип, кошумча баалоо белгилешкен.

“Талас шаары менен Маймактын ортосу 100 чакырымдан ашык. Ортодо ортомчулар бар”, - деди ишкер. Ал президенттен бул ишти калыс карап берүүсүн суранды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жагдайды түшүндүрдү.

“Бул жерде мындай да, булар оптовиктер, көмүрдү импорттошот. Салыкка келгенде мынча эле таптык деп арзан баа көрсөтүшөт. Мындай жол менен барсак, салыктан баарын эле бошотуп коюуга туура келет”, - деди ал.

Айтымында, бул маселе боюнча сот өкүм чыгарган жана ал күчүнө кирген. Салыкты баары бир төлөөгө туура келет.

“Биз бир гана жеңилдик бере алабыз – төлөнбөй калган сумманы 2 жылга чейин бөлүп төлөсө болот. Андан башка жол жок. Баары бир төлөшү керек”, - деди ал.

Президент жарандарды салыктан качпоого чакырды.

“Салыктан кача берсеңер, кубаттуу өлкө кура албайбыз. Салык төлөбөсөңөр, мен кантип бюджетти толтурам, кантип жол салам, кантип куралдуу күчтөрдү күчтөндүрөм. Салыкты төлөш керек, калганы деле жетет, каниет кылыш керек, ошондо тапканыңарга береке келет. Салык төлөбөсөк, андагы дагы 30 жыл 2020-жылга чейинкидей болуп, итке минген бойдон отура беребиз”, - деди Садыр Жапаров.