Кыргызстан 2030-жылга чейин балдарга жана улгайган адамдарга кам көрүү системасын өнүктүрүү планын сунуштады
Кыргызстан Молдовада өткөн эл аралык форумда кам көрүү системасын өнүктүрүү боюнча төрт улуттук артыкчылыктуу багытты сунуштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
2026-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын катышуусунда «Инклюзивдүү экономикалык өсүш, гендердик теңчилик жана кам көрүү системаларына инвестиция салуу» аттуу эл аралык форум өттү.
Иш-чара Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2026–2030-жылдарга карата аймактык иш-аракеттер программасын ишке киргизүүгө арналды. Демилгеге 16 өлкөнүн катышуусу тастыкталды.
Кыргызстан сапаттуу кам көрүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, өзгөчө айылдык жана алыскы аймактарда кеңейтүүнү, бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууну, каржылоо булактарын тартууну жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда кам көрүү маселелерин эске алууну көздөйт.
Ошондой эле үй-бүлөлүк милдеттерди аялдар менен эркектердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
БУУнун Аялдар түзүмүнүн маалыматына ылайык, Европа жана Борбордук Азия аймагында аялдар эркектерге салыштырмалуу үй чарбасындагы жана жакындарына кам көрүү боюнча акы төлөнбөгөн иштерди 3,4 эсе көп аткарышат. Ошол эле учурда акы төлөнүүчү кам көрүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин 75 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.
«Биз кам көрүү чөйрөсүнө инвестиция салуу – бул адамдык капиталга, татыктуу иш менен камсыз кылууга, гендердик теңчиликке жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө инвестиция салуу деп ишенебиз», – деп белгиледи Аида Исатбек кызы.
Аймактык программа 2030-жылга чейин ишке ашырылат жана өлкөлөрдүн ыктыярдуу кызматташтыгын, тажрыйба алмашуусун жана социалдык саясатты өркүндөтүүнү камтыйт.
Кыргыз Республикасынын аймактык демилгеге катышуусу Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн техникалык колдоосу менен ишке ашырылды. БУУнун Аялдар түзүмү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өнөктөштүгү гендердик аспектилерди эске алган саясатты иштеп чыгууда эксперттик колдоо көрсөтүүнү, мамлекеттик органдардын адистеринин потенциалын жогорулатууну, ошондой эле эл аралык тажрыйбага жана аймактык диалог аянтчаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну камтыйт.
