Ошто 3,6 млрд сомдук объектилер мыйзамсыз документтер менен курула баштаган – Эсептөө палатасы
Эсептөө палатасы
4 ноябрь

Ошто 3,6 млрд сомдук объектилер мыйзамсыз документтер менен курула баштаган – Эсептөө палатасы

Ош шаарында жалпы наркы 3,6 млрд сомду түзгөн курулуш объектилерин мыйзамда каралган документтерсиз куруу башталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Эсептөө палатасынын Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышына жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында айтылат.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоого мурдагы мэрдин протоколдук тапшырмалары негиз болгон.

Анын натыйжасында подряддык уюмдардын алдында 2,5 млрд сомдон ашык кредитордук карыз топтолгон. Ошондой эле бүтпөй калган курулуш объектилеринин көлөмү 3 млрд сомдон ашкан.

Аудиттин материалдарында бул объектилерди мындан ары каржылоо булактары аныкталбаганы белгиленет.

Эсептөө палатасы мындай аракеттер подряддык уюмдардын алдындагы милдеттенмелердин көбөйүшүнө жана курулуш объектилеринин бүтпөй калышына себеп болгонун белгилеген.

Аныкталган фактыларга укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.