Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаранды кармашты
4 ноябрь

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаранды кармашты

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге М.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Лалафо» интернет-платформасы аркылуу «iPhone 15 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонду сатуу шылтоосу менен 45 миң сом акчасын ээлеп алган белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган М.Б. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандын ушул сыяктуу 10дон ашык кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 (555) 00-07-24 же 102.