2027-жылдан тарта манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон төлөп берүү сунушталууда
иллюстрациялык сүрөт
4 ноябрь

2027-жылдан тарта манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон төлөп берүү сунушталууда

Кыргызстанда манасчыларга ай сайын 62 миң сом өлчөмүндө акчалай сый акы төлөө сунушталууда. Бул сумма салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейинки өлчөмдө белгиленет.

Министрлер кабинетинин «Манасчы институтун өнүктүрүү жана колдоо маселелери жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, документте «Манасчы» расмий макамын киргизүү жана «Манас» эпосун аткаруучуларды мамлекеттик колдоо системасын түзүү каралган.

Төлөмдөрдү 2027-жылдан тарта баштоо пландалууда. Ага сынактык тандоодон өтүп, акчалай сый акы алуучулардын тизмесине киргизилген манасчылар укуктуу болот.

Талапкерлерди тандоо үчүн Маданият министрлигинин алдында эксперттик комиссия түзүү сунушталууда. Комиссия талапкерлердин аткаруучулук, чыгармачылык, педагогикалык, устаттык, илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн эске алат.

Ай сайын берилүүчү сый акынын өлчөмү салыктарга чейинки 62 миң сом деп белгиленүүдө.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, бул сумманы эсептөөдө манасчылардын учурдагы эмгек акысы эске алынган. Штаттык жадыбал боюнча артист-манасчынын эң жогорку айлыгы салыктар кармалгандан кийин болжол менен 50 миң сомду түзөт.

Ошондой эле өлкөдөгү орточо номиналдык эмгек акынын көлөмү да эсепке алынган. 2026-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 55 миң 79 сомду түзгөн.

Манасчыларга акчалай сый акы төлөө үчүн бюджеттен жылына 20 млн 63,8 миң сом талап кылынары болжолдонууда.

Маданият министрлиги башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын да мисал келтирген. Якутияда олонхо аткаруучуларына айына 30 миң рубль, Калмыкияда болжол менен 2 миң доллар, Өзбекстанда бахши жана маком аткаруучуларына 500 доллар төлөнөт. Ал эми Кытайда манасчыларга деңгээлине жараша 3,5 миңден 35 миң юанга чейин сый акы берилери белгиленген.