Кыргызстанда коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанциялар таралууда
сүрөт: depositphotos.com
5 ноябрь

Кыргызстанда коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанциялар таралууда

Кыргызстанда коммуналдык кызматтар жана айып пулдар үчүн төлөмдөр боюнча жасалма квитанцияларды таратуу учурлары көбөйдү. Ал документтерге шылуундар шилтемелерди жана QR-коддорду жайгаштырып, алар аркылуу акчаны уурдашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы эскертти.

Жасалма квитанциялар сырткы көрүнүшү боюнча чыныгы документтерден дээрлик айырмаланбайт. Аларда жарандардын карызы бар экени көрсөтүлүп, аны шилтеме же QR-код аркылуу тез арада төлөө сунушталат.

Шилтемеге өткөн учурда колдонуучу расмий төлөм сервисине окшоштурулган алдамчылык сайтка кирип калышы мүмкүн. Анда шылуундар банк картасынын маалыматтарын, PIN-коддорду, CVV/CVC-коддорду, сырсөздөрдү жана SMS аркылуу келген бир жолку коддорду алууга аракет кылышат.

Улуттук банк шектүү SMS-билдирүүлөрдөгү, мессенжерлердеги жана социалдык тармактардагы шилтемелерге өтпөөнү, белгисиз документтердеги QR-коддорду сканерлебөөнү жана шектүү шилтемелер аркылуу тиркемелерди орнотпоону сунуштайт.

Төлөм жүргүзүүдөн мурун анын суммасын, алуучуну жана төлөм реквизиттерин текшерүү зарыл. Карыз тууралуу маалыматты коммуналдык жана мамлекеттик мекемелердин расмий сайттарынан же банктык тиркемелерден өз алдынча тактоо керек.

Ошондой эле «Улуттук электр тармактары» ААК кызматкерлери керектөөчүлөрдөн SMS аркылуу келген коддорду жана башка банктык маалыматтарды сурабай турганын эскертти.

Электр энергиясы боюнча карызды «Мой свет» жана «Мой свет Бизнес» расмий тиркемелери, ошондой эле электр тармактары ишканаларынын сайттары аркылуу текшерүүгө болот. Кошумча маалыматты НЭСКтин 105 кыска номери аркылуу алууга мүмкүн.