Жаңыртылган МКП медициналык жардам үчүн кайрылган ар бир адамга түшүнүктүү болушу керек
5 ноябрь

Жаңыртылган МКП медициналык жардам үчүн кайрылган ар бир адамга түшүнүктүү болушу керек

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусундагы пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында жаңыртылган Мамлекеттик кепилдиктер программасын (МКП) ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштерин улантууда.

Калк үчүн маалыматтык-окутуучу материалдарды жана медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу инструменттерин иштеп чыгуу максатында медициналык камсыздандыруу, саламаттык сактоону уюштуруу жана коммуникация багыттарындагы эксперттик билимдер бириктирилди. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү, ошондой эле МКПны ишке киргизүүгө көмөк көрсөткөн техникалык консультанттар кирди.

Негизги көңүл жарандар күнүмдүк турмушта туш болгон практикалык маселелерге бурулууда: алар кандай медициналык кызматтарды ала алышат, кайсы кызматтар акысыз көрсөтүлөт, кайсы учурларда кошумча төлөм каралган, түшүндүрмө алуу үчүн кайда кайрылуу керек жана өз укуктарын кантип коргой алышат?

Тиешелүү ведомстволордун жана адистердин күч-аракеттерин бириктирүү бирдиктүү маалыматтык позицияны калыптандырууга жана өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү этабында калкка ырааттуу маалымат берүү үчүн негиз даярдоого мүмкүндүк берет.