Азамат Тынаров: «Перга кошулган балга элдин кызыгуусу жогору»
5 ноябрь

Азамат Тынаров: «Перга кошулган балга элдин кызыгуусу жогору»

Балчылыкта кардарлардын суроо-талаптарын эске алуу да маанилүү. Былтыр уядагы балды сунуштаган балчы Азамат Тынаров быйыл ассортиментин кеңейтип, перга кошулган балды да сатыкка чыгарды. Анын айтымында, жаңы продукцияны сунуштоого элдин кызыгуусу жана кардарлардын өтүнүчү түрткү болгон. Перганын өзгөчөлүгү эмнеде, аны балга кантип кошушат жана жаңы азыкты эл кандай кабыл алды? Ушул суроолордун тегерегинде Азамат Тынаров менен баарлаштык.

– Былтыр уядагы балды сунуштаган элеңиз, быйыл перга кошулган балды да сатыкка чыгарыпсыз. Ассортиментиңизди кеңейтүүгө эмне түрткү болду? Эмне үчүн дал ушул азыкты тандадыңыз?

– Былтыркыдай эле быйыл да уядагы балды сатып жатам. Ага кошумча перга кошулган балды сунуштай баштадым. Буга биринчи кезекте кардарлардын өздөрү түрткү болду десем болот. Келгендер пыльца же перга кошулган бал барбы деп улам сурап калышчу. Алардын кызыгуусун көрүп, ушул продукцияны да даярдап, сатыкка чыгарууну чечтим.

Негизи, перга кошулган бал жаңы эле пайда болгон азык эмес, мурда деле сатылып келген. Болгону көпчүлүк анын эмне экенин, кандай өзгөчөлүгү бар экенин биле бербейт. Кардарлардын суроо-талабы менен биз да ушул багыттагы продукцияны сунуштай баштадык.

– Перга деген эмне? Көпчүлүк пыльца менен перганы бир эле нерсе деп түшүнүшү мүмкүн. Экөөнүн айырмасын түшүндүрүп берсеңиз.

– Пыльца – гүлдүн чаңчасы. Аарылар гүлдөрдөн чаңчаны буттарына чогултуп, уюкка алып келишет. Аны өздөрүнүн жана личинкаларынын азыктануусуна колдонушат.

Ал эми перга – ошол чогултулган чаңчаны аарылар уюктун көзөнөктөрүнө жайгаштырып, бал жана өз ферменттери менен иштетип, ачытуу аркылуу даярдаган азыгы. Башкача айтканда, перга – аарылар иштеткен гүл чаңчасы. Экөөнүн айырмасы ушунда.

– Перганы балга кандай жол менен кошосуздар? Даярдоо процесси кандай жүрөт?

– Перганы алгач майдалап, андан кийин суюк балга аралаштырабыз. Ошентип, өзүнчө даамы бар бал даяр болот. Мында перга менен бал бири-бирине айкалышып, даамы да кадимки балдан айырмаланып калат. Биз үчүн эң негизгиси – колдонулган азыктардын сапаттуу жана таза болушу.

– Балдын пайдалуу касиеттери көп айтылат. Ал эми перганын өзгөчөлүгү эмнеде? Анын курамында кандай заттар бар?

– Перганын курамында белок, аминокислоталар, витаминдер жана минералдар бар. Бул аарылардын өздөрү үчүн да маанилүү азык. Перганы өзүнчө деле колдонсо болот. Бирок балга кошкондо даамы өзгөчө болуп, жегенге жагымдуу болот.

Кадимки бал менен перганын курамы эки башка болгондуктан, экөөнүн айкалышы азыктын өзгөчөлүгүн арттырат. Биздин максат – кардарларга сапаттуу, даамдуу жана түрдүү азыктарды сунуштоо.

– Жаңы продукцияны кардарларга сунуштаганда аны таанытуу кыйын болгон жокпу? Эл кандай кабыл алды? Суроо-талап барбы?

– Башында айрымдар перга эмне экенин, анын пыльцадан кандай айырмасы бар экенин сурап кызыгышчу. Бирок түшүндүрүп, даамын татып көргөндөн кийин жактырып алышты.

Азыр жакшы эле кызыгуу болуп жатат. Айрым кардарлар кайра келип сатып алышат. Суроо-талап да бар. Негизи, элге жаңы нерсе сунуштаганда анын эмне экенин түшүндүрүп берүү маанилүү экен.

Кардар азыктын курамын, кандай жол менен даярдалганын билип алса, кызыгуусу да арта түшөт. Биз үчүн кардарлардын ишеними жана кайра кайрылып келгени чоң мааниге ээ.