Ош: Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен туруктуу камсыз болот
Ош мэриясы
5 ноябрь

Ош: Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдары таза суу менен туруктуу камсыз болот

Ош шаарында Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарын 4-ноябрда таза суу менен камсыздоо долбоорунун онлайн ачылышы болуп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.

Долбоордун алкагында 30 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, лабораториялык текшерүүдөн өткөн суу насостун жардамы менен атайын резервуарларга жеткирилет. Жалпы көлөмү 1000 куб метрди түзгөн эки суу сактагыч курулган. Алардын ар биринин сыйымдуулугу 500 куб метрди түзөт.

Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, суу тиешелүү тазалоо процессинен өткөндөн кийин керектөөчүлөргө берилет.

Долбоордун алкагында жалпы 26 чакырым суу түтүгү тартылган. Эми, Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы 950 кожолук таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат. Бул өз кезегинде айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртып, таза сууга болгон муктаждыгын толук канааттандырууга өбөлгө түзөт.