Бишкекте 5-ноябрдан тарта бир катар автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөрөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 ноябрь

Бишкекте 5-ноябрдан тарта бир катар автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 5-ноябрынан тарта Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндөгү унаа кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөргө байланыштуу № 7, 33, 36, 48, 62, 105 жана 216 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары өзгөртүлөт.

Мэриядан кабарлашкандай, мындан тышкары, № 9 автобус каттамынын кыймылына да убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Чектөөлөр Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу киргизилүүдө.

Мэриядан жүргүнчүлөрдөн коомдук транспорттун кыймыл схемаларындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууну өтүнөт.