Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн кино саммитинде улуттук кинематографиясын тааныштырды
Түркиянын Стамбул шаарында 4-ноябрда VI «Коркут Ата» Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалынын алкагында «Түрк дүйнөсүнүн кино саммити» өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Саммиттин жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсү, жетишкендиктери, эл аралык долбоорлору жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады.
Кыргызстандын кинематография тармагындагы жетишкендиктери жана келечектеги кызматташтык багыттары боюнча Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков баяндама жасады.
Иш-чарага кыргызстандык кинорежиссёрлор жана кино тармагынын өкүлдөрү да катышып, өлкөнүн киноиндустриясынын потенциалын эл аралык деңгээлде таанытуу, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү кесиптештер менен чыгармачылык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.
Саммит түрк мамлекеттеринин ортосунда кино тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашырууга багытталды.
