Баткен облусунун төрт айыл аймагында таза суу объектилери пайдаланууга берилди 
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
5 ноябрь

Баткен облусунун төрт айыл аймагында таза суу объектилери пайдаланууга берилди 

Баткен облусунун төрт айыл аймагында 4-ноябрда таза суу объектилери салтанаттуу ачылып, 10 айылга таза суу жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты.

Жеринен КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган район жетекчилери катышып,объекттер салтанаттуу ачылды.

Баткен облусунда калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында ишке ашырылган ири долбоорлордун алкагында, Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч, Чаувай жана Совет айылдарында, ошондой эле Баткен районундагы Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында ичүүчү суу системалары курулуп, калктын таза сууга болгон муктаждыгын чечүүгө багытталган иштер аткарылды.

Үч-Коргон чакан долбоору

«Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы төрт айылда суу менен камсыздоо системасы курулду.

Долбоордун натыйжасында жалпы 20 миң 731 тургун таза ичүүчү суу менен камсыз болду.

Бүгүнкү күндө аталган айылдарда заманбап автоматташтырылган биллинг системасы киргизилип, суу эсептегичтер аркылуу калкка ичүүчү суу жеткирилүүдө.

Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда, Совет айылында да суу менен камсыздоо системасы жаңыланды. Натыйжада 346 кожолук катталган, жалпы 1 миң 732 адам жашаган айылдын суу менен камсыздоо системасы жаңыланып, 290 кожолук суу эсептегичтер аркылуу тейленүүдө.

Самаркандек чакан долбоору

Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарындагы Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында ичүүчү суу системаларын куруу иштери жүргүзүлдү.

Долбоордун алкагында жалпы 18 миң 895 адамды таза суу менен камсыздоо каралган.

Буга чейин аталган айылдардын айрымдарында борборлоштурулган таза суу түтүктөрү жок болгондуктан, тургундар арык сууларын пайдаланууга же сууну ташып келүүгө аргасыз болушкан. Учурда суу түтүктөрүн тартуу иштери толук аяктап, 18 миң 895 тургунду таза суу менен камсыздоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, «Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун жалпы каржылоо көлөмү 60 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 20 миллион доллар Ислам өнүктүрүү банкы, 30 миллион доллар Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 10 миллион доллар Кыргыз Республикасынын салымы болуп саналат.

Долбоор 2020–2026-жылдар аралыгында АРИС уюму тарабынан ишке ашырылып, Баткен жана Талас облустарынын 61 айылындагы 150 миңге жакын тургунду таза суу менен камсыздоого багытталды.

Бул долбоорлор аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүгө жана айылдардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошот.