Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча экинчи кыргыз-орус консультациялары болуп өттү
2026-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнө даярдык көрүүнүн алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун тиешелүү департаменттеринин жетекчилеринин деңгээлинде экинчи кыргыз-орус консультациялары өттү.
Консультациялардын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн аспектилери ар тараптуу талкууланды жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар БУУда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга, анын ичинде өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди алга жылдырууга карата мамилелерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.
