«Чолпонбай» спектакли Россиянын үч шаарында көрсөтүлдү
Маданият министрлиги
5 ноябрь

«Чолпонбай» спектакли Россиянын үч шаарында көрсөтүлдү

Талас облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты 2026-жылдын 1-8-ноябрь күндөрү Россия Федерациясында гастролдук сапарда болууда. 

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, гастролдук сапардын алкагында кыргыз элинин тарыхындагы баатырдык эрдикти даңазалаган «Чолпонбай» спектакли Воронеж, Нововоронеж шаарларында жана Лискинск районунда көрөрмандарга тартууланды.

Спектаклдин көрсөтүүлөрү 3-ноябрда Воронеж шаарында, 5-ноябрда Нововоронеж шаарында жана 7-ноябрда Лискинск районунда өткөрүлдү.

Спектаклде кыргыз элинин тарыхый эс тутуму, мекенчилдик сезими, эрдик жана баатырдык сапаттары көркөм чагылдырылган. Коюлма көрүүчүлөргө кыргыз элинин тарыхы жана улуттук маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Гастролдук сапар кыргыз улуттук театр өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу, эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөө жана театр искусствосундагы чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги ата мекендик театрлардын чыгармачылык демилгелерин колдоо жана улуттук маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтуу багытындагы иштерди улантууда.