Кыргызстандын 17 тигүү ишканасы ЕБге экспорттоо үчүн REX системасына катталды
Иллюстрациялык сүрөт
5 ноябрь

Кыргызстандын 17 тигүү ишканасы ЕБге экспорттоо үчүн REX системасына катталды

Кыргызстандын тигүү тармагындагы 17 ишкана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө продукция экспорттоодо соода преференцияларын пайдалануу үчүн зарыл болгон REX катталган экспорттоочулар системасына каттоодон өттү.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, дагы 10 ишкана документтерин тапшырып, учурда каттоо процессинен өтүүдө.

Ишканалар тигүү тармагы үчүн уюштурулган экспорттук акселератордун алкагында даярдыктан өтүшкөн. Анын негизги максаты — кыргызстандык өндүрүүчүлөргө экспорттун багыттарын диверсификациялоого жана тармак үчүн жаңы рынокторго, анын ичинде Европа биримдиги менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чыгууга көмөктөшүү.

Программага жалпысынан 31 ишкана активдүү катышкан. Алардын ичинен өндүрүштүк жана экспорттук потенциалы жогору 15 ишкана үчүн эл аралык жана жергиликтүү эксперттер жекече диагностика жүргүзүп, мындан аркы өнүгүүсү боюнча сунуштарды даярдашкан.

Такировдун маалыматына караганда, «Кыргыз Экспорт» борбору REX системасында кыргызстандык экспорттоочуларды верификациялоо боюнча улуттук орган болуп саналат.