Ала-Бука районунда жол куруу иштери уланууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жол курулуш иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда бир катар автожолдордо оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Айрым жол тилкелеринде курулуш иштери толук аяктап, пайдаланууга берилди. Алардын катарында Ала-Бука – Караван жана Ала-Бука – Касансай автожолдору бар.
Ала-Бука – Караван автожолунун 14 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери толук аяктады. Жол чийиндери чийилип, учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Ала-Бука – Касансай автожолунун 12 чакырымдан ашык бөлүгүнө да асфальт төшөлдү. Бул багытта да жол курулушун толук жыйынтыктоо этаптары жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагында аймактар аралык байланышты жакшыртуу максатында жол курулуш иштерин улантууда.
Жолдорду куруу иштери белгиленген планга ылайык, өз убагында аткарылууда.
