сүрөт социалдык тармактардан алынды
27 октябрь
«Гавайи» эс алуу борборунун башкаруучусу кызды зордуктоого шектелип кармалды
Кыргызстанда «Гавайи» эс алуу борборунун башкаруучусу 2003-жылы туулган кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү иштин материалдарында М.Ж.Х. деген инициалдар менен көрсөтүлгөн. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.
2026-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун тергөө судьясы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн караган.
Сот тергөө мезгилинде М.Ж.Х.га карата бөгөт коюу чарасын тандап, аны 2026-жылдын 14-декабрына чейин камакта калтырган.
Болжолдуу кылмыштын чоо-жайы, окуя болгон жер жана иштин башка жагдайлары азырынча ачыктала элек.
