«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүүгө ачык конкурс жарыяланды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги КР президентинин тапшырмасына ылайык «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт.
Ведомстводон кабарлашкандай, президенттин тапшырмасынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тарабынан жүргүзүлөт.
Конкурстун негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, улуттук эс тутумду чагылдырган заманбап архитектуралык мейкиндикти түзүү, аймакты көрктөндүрүү жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.
Конкурска тиешелүү кесиптик квалификациясы жана тажрыйбасы бар архитекторлор, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер, илимий-изилдөө мекемелери, ошондой эле чыгармачыл жамааттар катышууга чакырылат.
Конкурстун негизги талаптарына мемориалдык комплекстин тарыхый өзгөчөлүгүн жана учурдагы эстеликтерин сактоо, аймакты архитектуралык жактан өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, транспорттук жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө, расмий делегацияларды кабыл алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү кирет.
Катышуучулар комплексти өнүктүрүүнүн архитектуралык концепциясын, аймактын башкы планын, сунушталган объекттердин эскиздик долбоорлорун, көрктөндүрүү жана инфраструктура боюнча сунуштарын, визуалдык материалдарды, түшүндүрмө катты, долбоордун болжолдуу наркынын эсебин жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу планын тапшырууга тийиш. Ошондой эле катышуучулардын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер талап кылынат.
Сунушталган долбоорлор тарыхый-мемориалдык мааниге шайкештиги, архитектуралык өзгөчөлүгү, табигый ландшафт менен айкалышы, функционалдуулугу, коопсуздугу, экологиялык туруктуулугу, экономикалык жактан негиздүүлүгү жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча атайын комиссия тарабынан бааланат.
Конкурстук табыштамалар жана материалдар 2026-жылдын 27-октябрынан 27-ноябрына чейин кабыл алынат.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 441.
Электрондук почта: mincult@mail.gov.kg
Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. Сыйлоо шарттары, байге фонду жана кошумча техникалык талаптар өзүнчө жобого ылайык белгиленет.
