Министрлик: Ысык-Көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатканы тастыкталган жок
Ысык-Көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатканы тастыкталган жок, деп билдирет Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматта айлыгандай, буга чейин социалдык тармактарда Каракол шаарында Ысык-Көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатат, - делген видео боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кароо жүргүздү.
Кароо ишинин жүрүшүндө аталган аймакта мамлекеттик деңгээлде заманбап балык чарбасын куруу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө жер казылып, пайда болгон чуңкурга жер астынан чыккан суу топтолгон. Аталган сууларды курулуш аймагынан чыгаруу максатында насостук жабдуунун жардамы менен сордурулуп, Ысык-Көлгө төгүлүп жаткандыгы аныкталды.
Ошол эле учурда, интернет булактарында тараган маалыматта көрсөтүлгөндөй, аталган жерден өндүрүштүк же тиричилик саркынды сууларынын көлгө агызылып жаткандыгы тууралуу маалымат жеринде тастыкталган жок.
Белгилей кетсек, Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын долбоору Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
