КР УКМК эл аралык эки баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
КР УКМК тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына синтетикалык баңгизаттардын ири партияларын ташып келүүгө тиешеси бар эл аралык уюшкан эки баңгизат тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында кылмыш үстүндө Кыргыз Республикасынын 7 жараны: П.И.Н., С.Э.Э., Т.А.Ж., К.у.С., А.Н.А., А.И.К. жана К.М.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык «Альфа-ПВП» баңгизаты алынды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
