Маматалиев жапон инвесторлорун жана компанияларын Кыргызстанда иш алып барууга чакырды
Жогорку Кеңеш
27 октябрь

Маматалиев жапон инвесторлорун жана компанияларын Кыргызстанда иш алып барууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы, Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Такеси Хасимото баштаган ири жапон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Жапония-Кыргызстан экономикалык алмашуу ассоциациясынын төрагасы Синдзи Тарутоко менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошол жолугушуулардын натыйжасында тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, жапон ишкерлери Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары, тоо-кен тармагында иш алып барган JKII компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы меморандумга кол коюу жараяны тездетилди. Ошондой эле Төрага Марлен Маматалиев Toyota компаниясынын расмий борборун Кыргызстанда ачуу сунушун айтып, Mitsui O.S.K. Lines сыяктуу ири жапон компанияларынын директорлор кеңештеринин өкүлдөрүн өлкөбүзгө иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Ал эми ишкерлер менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Төрага Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

“Акыркы беш жылдын ичинде өлкө экономикасынын жылдык өсүшү 9 пайыздан кем болгон жок. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дээрлик 12 пайызга чейин жогорулады. Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн туруктуу, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, ата мекендик ишкерлер менен бирдей шарттар жана салыктык жеңилдиктер берилүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстан Борбор Азиянын так ортосунда жайгашып, ЕАЭБдин мүчөсү катары ири рынокко чыгууга мүмкүнчүлүгү кең өлкө. Андыктан биз жапон ишкерлерин өлкөбүздө иштөөгө жана өндүрүштүк компанияларын Кыргызстанда жайгаштырууга чакырабыз”, – деди Төрага.

Муну менен катар курулуп жаткан “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жаңы эл аралык транспорттук коридорлорду түзүүгө өбөлгө болорун белгилеп, жапон компанияларын логистикалык борборлорду, “кургак портторду” жана заманбап терминалдарды курууга катышууга чакырды.

Айрыкча, Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын эл аралык жүк ташуу тармагындагы тажрыйбасына токтолуп, Жапониянын Транскаспий багытындагы пилоттук ташууларына Кыргызстан аркылуу өтүүчү каттамдарды кошууну сунуштады.

Ошондой эле энергетика, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү, агроөнөр жай тармагына заманбап технологияларды киргизүү, IT-индустриясын өнүктүрүү жана Кыргызстанда медициналык шаарча түзүү өңдүү долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин көтөрдү.

Андан тышкары, калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы ойлору менен бөлүшкөн Төрага:

“Президент Садыр Жапаровдун Жапониядагы расмий сапары учурунда уюштурулган кыргыз-жапон бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана санариптештирүү жаатында 20дан ашык документке кол коюлган. Эми аларды ийгиликтүү ишке ашырып, жетишилген келишимдерди конкреттүү долбоорлорго айландырышыбыз керек”, – деди.

Тагыраагы Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кош салык салуудан качуу жөнүндөгү макулдашуу үстүбүздөгү жылдын июль айында күчүнө киргенин белгилеп, алдыда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндөгү макулдашууга жетишүү зарылчылыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Такеси Хасимото өткөн жылы “Борбор Азия + Жапония” форматындагы саммиттин алкагында уюштурулган бизнес-форумга катышып, чөлкөмдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык дарамети менен таанышканын эске салды.

Ошону менен катар бүгүнкү жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев тарабынан Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык артыкчылыктары боюнча берилген маалыматтар жапон ишкерлери үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, жапон компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика, логистика жана тоо-кен тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгышты.

Төрага Марлен Маматалиев берилген суроолорго кеңири жооп берип, эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча сунуштарын ортого салды.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров, Айсаракан Абдибаева, Ырысбек Атажанов, Умбеталы Кыдыралиев, Айгүл Карабекова, Венера Салямова, Карим Ханджеза, Бекмырза Чолпонбай уулу жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.