Бишкекте кайрадан «Сүймөнкул» улуттук мюзикли тартууланат
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Бишкекте кайрадан «Сүймөнкул» улуттук мюзикли тартууланат

2026-жылдын 2–5-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында Акбар Кубанычбековдун калемине таандык «Сүймөнкул» улуттук мюзикли көрүүчүлөргө кайрадан сунушталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Көпчүлүктүн суроо-талабы менен сахнага кайтып келген чыгарма Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган. Мюзиклде залкар инсандын кайталангыс таланты, адамдык өзгөчөлүгү жана улуттук маданиятка кошкон салымы көркөм чагылдырылат.

Музыка менен сахналык көркөм каражаттарды айкалыштырган чыгарма көрүүчүлөрдү кыргыз искусствосунун залкар өкүлүнүн өмүр жолу менен жакындан таанышууга чакырат.

Мюзиклдин башталышы саат 19:00гө белгиленген.